КЫРДЫ БЫЧАК БОЛУУ
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Өз ара касташуу, мамилелери бузулуп, өчөгүшүп кетүү, өз ара каршылашуу, касташуу, душмандашуу. Ага-тууганы менен кырды бычак болуп жүргөн жаман жигиттин бири экен («Ала-Тоо»). Береги кырды бычак болгон манаптын жек-жааттары (Осмоналиев). Аралары кырды бычак болуп, дүнүйө, мансап үчүн кармашуу башталды (Касымбеков).